Келерки жылы кеминде он беш медициналык мекеме куруу пландалууда

04.11.2022, 14:07 Акчабар
Келерки жылы кеминде он беш медициналык мекеме куруу пландалууда

Келерки, 2023-жылы 15тен кем эмес медициналык мекемелерди куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын орун басары Улан Садыков парламенттин  “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлик курулушу зарыл болгон 222 мекеменин тизмесин түзгөн.

“Жакынкы арада биз тизмени тактайбыз, ал кийинки жылга кетет. Жок дегенде 15 мекемеге салым кошо алабыз деп ойлойм”, - деди Садыков. 

Буга кошумча, ал салына турган мекемелер ооруканалар, ФАПтар жана балким үй-бүлөлүк медициналык борборлор болорун айтты. Медициналык мекемелер өлкөнүн бардык аймактарына курулат, өзгөчө чек ара аймактарына куруу артыкчылыктуу болот. 

Тэги: медучреждения Улан Садыков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу