Кийинки жылы Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамдары ачылат

06.09.2022, 12:14 Акчабар
Кийинки жылы Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамдары ачылат

Кийинки жылы беш айга Бишкек менен Сеулдун ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кореянын Кыргызстандагы консулу Ким Хо Сон Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтик сезондун кызуу мезгилинде жумасына эки жолу аба каттамдары аткарылып, Кореядан Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт.

“Кореялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүүдө. Кореялык туроператорлор Кыргыз Республикасы менен кызматташууга кызыктар жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ноябрда авиакомпаниялардын биринин өкүлдөрүнүн республикага иш сапарын уюштурууну пландаштырууда”, - деп белгилешти фонддон.

Ошол эле учурда Ким Хо Сон өлкөгө өз филиалдарын ачып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн бейтаптарды тарта ала турган Кореянын университеттик клиникаларын чакыруу менен Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүнү сунуштады.

“Негизги шарт – КР өкмөтү республикага келген бардык эл аралык туристтер үчүн ПЦР анализин милдеттүү түрдө өткөрүү боюнча чараларды көрүшү керек, ПЦР анализдери билеттин баасына киргизилиши керек жана алардын баасы 10-15 доллардан ашпашы зарыл. Бул жобонун киргизилишин кореялык клиникалар инвестиция үчүн белги катары кабыл алышат”, - деди Ким Хо Сон.

Жолугушуунун жыйынтыгында келишим түзүлүп, ага ылайык кореялык өнөктөштөр менен биргеликте кореялык туристтерди Кыргызстанга тарта турган болушту.

Тэги: авиарейсы Сеул фонд поддержки развития туризма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу