Быйыл Суу чарба кызматына 4 млрд сомдон ашык жумшалат

06.06.2023, 12:05 Акчабар
Быйыл Суу чарба кызматына 4 млрд сомдон ашык жумшалат

Быйыл Суу чарба кызматынын чыгымдарына 4,4 млрд сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мында 1,2 миллиард сому бюджеттик каражаттар, 3,2 миллиард сому мамлекеттик инвестициялар.

Ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом жумшалат. Эске салсак, 31-майда өткөн суу форумунун жүрүшүндө айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов өлкөнүн бардык ирригациялык системасын жаңылоо зарылдыгын билдирген. Анын айтымында, 5,9 миң чакырымды түзгөн чарбалар аралык каналдардын 40% жакыны тез арада жаңыланууну талап кылат.

"Жыл ичинде экскаваторлорду сатып алууга 199,4 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган. Учурда мамлекеттик сатып алуу процедурасы жүрүп жатат. Ошондой эле Суу кызматына атайын техникаларды лизингге сатып алууга жакынкы жылдарга 1 млрд сомго жакын каралган, анын 350,0 млн сому 2023-жылы бөлүнөт", - деп белгиледи Финансы министрлиги.

Тэги: новости Кыргызстана Минфин Служба водных ресурсов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу