Кийинки жылы эки мамлекеттик банктын уставдык капиталы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште каржы министри Алмаз Бакетаев 2023-2025-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун тааныштыруу учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул максаттарга республикалык бюджеттен 3 миллиард сом бөлүнөт. Каражат эки банктын ортосунда 1,5 миллиард сомдон бөлүштүрүлөт.
Кошумчаласак, быйыл октябрь айынын аягында “Айыл Банктын” уставдык капиталы 6 миллиард 624 миллион 620 миң сомду, ал эми “РСК Банктыкы” 7 миллиард 79 миллион 184 миң сомду түзгөн.