Экономика министрлигинин 2024-жылга карата болжолдоолору боюнча ИДПнын көлөмү 1,4 триллион сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 6% деңгээлинде күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан айыл чарба форумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы билдирди.
Ошол эле учурда консолидацияланган бюджет 2023-жылы 575 миллиард сомдон ашык болсо, 2024-жылы 600,7 миллиард сом көлөмүндө пландалууда.
"2024-жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 2,8%га өсүүсү күтүлүүдө, анткени өсүмдүк өстүрүү 2,7%га, мал чарбасы 2,2%га өсөт. Жарандарыбызды дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктан коргоо жана жеткиликтүү баада сапаттуу продукциянын болушун камсыздоо үчүн азык-түлүк бааларынын туруктуулугун камсыз кылуу өзгөчө маанилүү", - деди ал.