2024-жылга карата орточо эмгек акынын өлчөмү 20,8 миң сом деп болжолдонууда

02.11.2021, 11:15 Акчабар
2024-жылга карата орточо эмгек акынын өлчөмү 20,8 миң сом деп болжолдонууда

Орточо айлык эмгек акы 2022-жылдагы 19 миң 434,2 сомдон 2024-жылы 20 миң 887,8 сомго чейин өсөт же орточо номиналдык өсүш 3,3%ды түзөт. Мындай маалыматтар 2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2022-жылы 1221,7 доллардан 2024-жылы 1300,4 долларга чейин өсөт.

“2022-2024-жылдары калктын акчалай кирешелеринин өсүү тенденциясы уланат, алар орточо 2,5% реалдуу өсүш менен тиешелүүлүгүнө жараша 499,3 млрд сом, 541,3 млрд сом жана 589,6 млрд сом өлчөмүндө болжолдонууда. Калктын жан башына айына жашоо минимумунун өлчөмү 2022-жылы 6 миң 311,8 сомду, 2023-жылы 6 миң 677,8 сомду, 2024-жылы 7 миң 25,1 сомду түзөт”, — деп айтылат республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын түшүндүрмө катында.

Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 2024-жылы 5,5%дан 4,8%га чейин төмөндөшү күтүлүүдө.

Тэги: зарплата бюджет проект закона экономика Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу