«Каракол» аэропортунда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт

11.08.2022, 11:48 Акчабар
«Каракол» аэропортунда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт

“Каракол” эл аралык аэропортунда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Подрядчылар үч лот боюнча тендерге катышууга чакырылат:

  • Лот №1 – “Каракол” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык имаратын куруу долбоору боюнча курулуш-монтаждоо иштери;
  • Лот №2 - “Каракол” эл аралык аэропортунун аэродромунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо, жасалма учуп-конуу тилкесин 400 метрге узартуу менен;
  • Лот №3 – “Каракол” эл аралык аэропортун жогорку интенсивдүү жарыктандыруу системасы менен жабдуу үчүн жабдууларды жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана эксплуатациялоо иштери, аэродромдун шамал жана перрондук жарык берүүчү мачталарды орнотуу.

Конкурстук табыштамалар (1 түп нуска жана 2 нуска) чапталган конверттерде берилиши керек (дареги бар конвертте электрондук алып жүрүүчүдөгү тендердик табыштаманын толук пакетинин мазмуну камтылууга тийиш).

Арыздар төмөнкү дарекке жеткирилиши керек: Бишкек шаары, “Манас” эл аралык аэропорту” ААК, административдик имарат. Телефон: 0312 69 34 06.

Тендердик табыштамалардын ачылышы 23-августта болот.

Тэги: Каракол аэропорт Каракола Аэропорт «Манас»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
<
×