Апрелде бюджеттик кызматкерлердин маяналарын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда

11.02.2022, 14:28 Акчабар
Апрелде бюджеттик кызматкерлердин маяналарын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2022-жылга карата пландары тууралуу маалымат сунушталды. 

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бюджеттик, салыктык жана жалпысынан финансы саясатынын сапаты ар бир мамлекеттин ырааттуу жана динамикалык өнүгүүсүн аныктайт.

"Биздин өлкө үчүн жаңы этап келе жатат, биз өзүбүзгө чоң милдеттерди алдык. Өткөн жылы көп иштер аткарылды. Аймактарды өнүктүрүүгө, жөлөкпулдарды, айлык акыны жогорулатуу аркылуу социалдык чөйрөнү колдоого, куралдуу күчтөрдү заманбап аскердик техника менен жабдууга олуттуу каражаттар багытталды, бул каражаттардын кайтарымы коом үчүн сезилерлик болушу керек", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, өлкөнүн ар бир жараны бул өзгөрүүлөрдү сезиши керек. Апрель айында бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда. Эсептөөлөр так жана негиздүү болушу керек

"Бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарыл. Биз өтө жооптуу мезгилде турабыз, тышкы карыздын белгилүү бөлүгү 2023-жылы төлөнөт. Биз буга даяр болушубуз керек", - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Тэги: кабмин зарплаты бюджетники деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу