Апрель айында президенттик аппараттын чыгашасы 6 млн 780.6 миң сомду түзгөн. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги маалымдады.
Анын ичинен 5 млн 780.6 миң сому эмгек акыга, ал эми взнос/социалдык керектөөлөргө - 1 млн сом жумшалган.
Кошумчалай кетсек, президенттик аппараттын март айындагы чыгашасына салыштырмалуу, апрель айында 1 млн 312.5 миң сомго көп сарпталган. Эмгек акыга апрелде 1 млн 88.8 миң сомго көбүрөөк каражат жумшалган.