ЕАЭСтин тышкы соодасынын көлөмү 2019 – жылдын август айында 61.1 млрд.$ түздү. Анын ичинен – 37.1 млрд. $, импорт – 24 млрд. $ түзгөн. Бул тууралуу ЕЭК жазат.
Өткөн жыл менен салштырып караганда, соода жүгүртүү 5.3% же 3.3. млрд. $ кыскарган.
ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң аз соода жүгүрткөн – 305 млн. $, анын ичинен 250 млн. $ - импорт. Андан кийинки орунда Армения 471 млн. $, Беларусия – 3.1 млрд. $, Казакстан – 6.3 млрд.$ түзөт.
Россия эң көп соода жүгүрткөн – 50.8 млрд. $, анын ичинен экспорт – 31 млрд.$, импорт – 19.7 млрд.$ түзгөн.