2021-жылдын августунда Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын колдонуу 959,5 миллион киловатт-саатты түзгөн. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматында айтылды.
Белгилей кетсек, 2020-жылы ошол эле мезгилде керектөө 849,5 миллион киловатт-саатты түзгөн.