Инвесторлор Балыкчыда электромобилдерди чыгаруучу завод курууну пландаштырууда

27.05.2021, 09:20 Акчабар
Инвесторлор Балыкчыда электромобилдерди чыгаруучу завод курууну пландаштырууда

Түштүк Кореянын инвесторлору Балыкчы шаарында 10 жылдык кепилдик менен электромобилдерди чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун администрациясы билдирди.

Мэрдин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу электромобилдерди чыгаруучу завод курууну көздөгөн инвесторлор менен жолугушуу өткөргөнү маалым болду. 

Анда TLNiP Co., LTD электромобилдер ишканасынын каржы бөлүмүнүн аткаруучу директору Ким Жи Цук, компаниянын жетекчилери Ли Кен Дже, Пар Кен Хе жана башкы директор Ан Юн Жун 10 жылдык кепилдик менен электр унааларын чыгара тургандыктарын билдиришкен. Мындан тышкары, шаар тургундары атайын окутулуп, андан кийин алар заводду курууга, ошондой эле электромобилдерди чыгарууга катышмай болууда.

Биринчи этапта 65 миң, андан кийин 300 миңден ашык автоунаа чыгаруу пландаштырылууда.

Унаанын тетиктери башка жактан алып келинип, келечекте Балыкчы шаарында чыгарылат. Ошондой эле электромобилдерди кубаттоо станциялары курулары айтылууда.

Тэги: электромобили Балыкчы инвесторы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу