Ат-Башы районунда 6,1 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

16.03.2023, 14:42 Акчабар
Ат-Башы районунда 6,1 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районунун 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетин даярдоонун жана аткаруунун сакталышы боюнча аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Алсак, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпысынан 6 миллион 130,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар, ал эми 77,4 миң сомдун жетишсиздиги жана уурдоолору, ал эми 6 миллион 52,9 миң сомдук акча каражаттарын чыгымдоодо мыйзам бузуулар жана мүчүлүштүктөр аныкталган, анын ичинде:

  • 2 млн 41,9 миң сомго негизсиз эмгек акы төлөө;
  • материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу, анын ичинде 1 миллион 641,1 миц сомдук эсептик суммалар.

Мындан тышкары, бюджеттин 29 млн 157,9 миң сомго резервдери жана жоготуулары аныкталып, 28 млн 94,8 миң сомдун орду толтурулган.

Тэги: экономика новости Кыргызстана аудит Ат-Башы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу