Баткен шаарынын мэриясы базар курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.
Тендердин баасы 48 млн 215,9 миң сомду түзөт.
Бул акчага төмөнкү дарекке муниципалдык базар куруу пландалууда. Баткен шаары, "Чет-Булак", А кварталы, 1-бөлүк.