Баткенде тиричилик техникасы жана көмүр аткезчилиги токтотулду

18.10.2021, 16:30 Акчабар
Баткенде тиричилик техникасы жана көмүр аткезчилиги токтотулду

Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кызматкерлери контрабандалык товарларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү токтотту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

16-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар Тажикстандан Кыргызстанга Hyundai-Porter унаасы менен үч тонна көмүрдү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан үч кыргызстандыкты кармашкан. 

Ал эми 17-октябрда Кадамжай районунун Кобра аймагында Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары 1980-жылы туулган Т.М.нын башкаруусундагы Hyundai-Porter унаасын кармашкан. Унааны текшерүү учурунда SMART TV Q 20F маркасындагы 12 сыналгы табылган. Айдоочу аны Кыргызстандан Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Эки учурда тең тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалгандар жана товарлар кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

 

Тэги: контрабанда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу