Баткен шаарынын чек арасына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 107 263 сомдук лимон бажы кызматкерлер тарабынан кармалды.
Текшерүү учурунда Ю.Э.Э. аттуу КР жараны башкаруусундагы “Вольво FH 24T ” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмитц CARGBUL” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда, мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 14 764 килограмм болгон лимон табылган.
Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Кармалган товардын жалпы наркы 1 107 263 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.