Баткен облусунда коомдук тамактануу жайлары жабылууда, ошондой эле райондук жана шаар ичиндеги коомдук транспорттун иши токтотулат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Мындай чечим облустук ыкчам штаб тарабынан коронавирустун жайылуусуна жол бербөө максатында кабыл алынгандыгы айтылат.
Муну менен, Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал турукташмайынча төмөнкү чектөөлөр киргизилди:
Ошондой эле райондук шаар жетекчилерине шаардык штабдын чечимине ылайык, кырдаалга карап карантин киргизүү сунушталды.