Учурда Баткен облусуна жалпысынан 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилсе, анын 301 тоннасын жарандар өз күчү менен ташыды. Бул тууралуу Медиаштаб билдирди.
Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам бар.
Республиканын бардык аймактарынан чогулган гуманитардык жардам 39 жүк ташуучу унаа (635 тонна) менен Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Республика боюнча гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн 188 пункт уюштурулган.
Эске салсак, Тажикстан тараптан Кыргызстанга карата агрессия 14-сентябрда башталган.