Ушул жылдын 11-августуна карата“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында 93 субъект насыя алганын Каржы министрлиги билдирди.
Кредиттин жалпы суммасы 66 миллион сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, долбоордун алкагында 2022-жыл ичинде “Айыл Банк”, “РСК Банк” жана “Керемет Банк” тарабынан Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке жактарга, кичи жана орто бизнеске төмөндөгүлөрдү өнүктүрүүгө каражат бөлүнөт:
Кредит берүү жеңилдетилген пайыздык чен боюнча, анын ичинде Улуттук банктын талаптарына ылайык банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.