Баткен облусундагы Раззаков шаарында төрт жылдыздуу мейманкана комплекси, санаторий-курорттук комплекс жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерь курулат. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду долбоорлорду министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго тааныштырганын өкмөттөн билдиришти.
Долбоорго ылайык, санаторий-курорттук мекемелердин тармагы 32 бирдиктен турат. Аны ишке ашыруунун жалпы баасы 960 миллион долларды түзөт.
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун өкүлдөрү ошондой эле "Ак-Кеме" мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди", - деп айтылат маалыматта.
Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.