Баткен районунда 8 мектеп жана 1 бала бакча жабыркады - Билим берүү министрлиги

19.09.2022, 13:38 Акчабар
Баткен районунда 8 мектеп жана 1 бала бакча жабыркады - Билим берүү министрлиги

Баткен облусунда сегиз мектеп жана бир бала бакча ар кандай деңгээлде жабыркады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бул мектептерде окуу процессин дароо баштоо мүмкүн эмес.

"Ошондой эле Лейлек районунун чек арага жакын айылдарындагы 26 мектеп жана 30 бала бакчанын иши убактылуу токтотулган. Алар боюнча маалымат такталууда", - деп белгиледи Жусупбекова.

Муну менен катар ал эвакуацияланган жарандар Кадамжай районунун Сүлүктү шаарындагы билим берүү мекемелерине жайгаштырылганын белгиледи.

Тэги: Надира Жусупбекова Минобразования вторжение Таджикистана школы детсад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу