Баткен РЭСинде 10 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

28.08.2023, 16:48 Акчабар
Баткен РЭСинде 10 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети энергетика тармагындагы каржылык көз боёмочулуктун бетин ачты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан коррупцияга каршы иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен районунун электр тармактар ишканасынын электр энергиясын керектөөгө жана төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу каржылык алдамчылык фактылары аныкталды.

Такталгандай, Баткен облусунда электр энергиясын керектөө үчүн узак убакыт бери төлөмсүз, бир катар коммерциялык жана коммерциялык эмес абоненттер бар экенидиги белгилүү болду. Алардын айрымдары Баткен Райондук электр тармактарынын кызматкерлеринин патронажынан пайдаланып, акча төлөөдөн бошотулуп, жарыкты өчүрүүдөн качышкан. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече жылда жылына 10 млн сомго чейин карыздар түзүлүп келген.

Карыздарды жабуу максатында Баткен РЭТ кызматкерлери Баткен шаарынын жана Баткен районунун билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен келишим түзүшкөн, ошондой эле электр энергиясын формалдуу түрдө кошумча керектөө үчүн башка мамлекеттик органдардан мыйзамсыз төлөм алынган.

Натыйжада бул мамлекеттик мекемелер мыйзамсыз чегерүүлөрдү мамлекеттик бюджеттен накталай төлөшкөн.

"Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: новости экономика Кыргызстана ГКНБ Баткенский РЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу