Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келди

10.07.2020, 10:30 Акчабар
Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келди

10-июлда Кыргызстанга «Авиатрафик» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты боюнча Россиядан Кыргыз Республикасынын 192 жараны келди, алардын арасында жаш балдар бар.



 Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде, анын ичинде кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникасынан операция болгондор, сибир ЖОЖдо окуган студенттер – Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө ыктыярчы – дарыгер, медайымдар киргизилди.

 Чартердик каттам чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Тэги: граждане КР возвращение Новосибирск

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу