Бишкекке Санкт-Петербургдан кыргызстандыктар учуп келди

22.07.2020, 09:00 Акчабар
Бишкекке Санкт-Петербургдан кыргызстандыктар учуп келди

21-июль күнү «Тез Джет» авиакомпаниясынын учагы менен Санкт-Петербург-Бишкек маршруту менен Кыргызстандын 165 жараны келди, алардын ичинде жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жүргүнчүлүк орундардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандардын санынын көптүгүнө байланыштуу, аталган рейстин жүргүнчүлөрүнүн тизмеси Оперативдик штабга караштуу Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара иш алып барган комиссиясы тарабынан түзүлгөн. Жарандарды тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жасалган кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн. Аталган рейс менен орусиялык жождорго окуган студенттер, кош бойлуу жана жашы жете элек балдары ар айымдар, ошондой эле ден-соолугунан ар кандай оорулары бар, буга чейин Орусияга хирургиялык операция алуу максатында чыккан жарандар, жакын туугандары кайтыш болгондугуна байланыштуу кайтып келүүгө чоң себеби барлар жана оор жашоо шарттарына кабылгандар келген.

Ошондой эле аталган рейс менен мекениндеги кесиптештерине коронавирус менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүүнү каалаган үч медицина кызматкери учуп келген, алар Санк-Петербург шаарындагы жана Ленинград облусундагы мекендештердин каражатына сатылып алынган дары-каражаттарын ала келишкен. Кыргызстандын чет мамлекеттердеги жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тэги: возвращение граждане КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу