Бишкекке Стамбулдан кыргыз жарандары кайтып келди

22.07.2020, 12:15 Акчабар
Бишкекке Стамбулдан кыргыз жарандары кайтып келди

22-июлда Кыргызстанга Түркиядан 341 кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигининбасма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын жарандары Turkish Airlines авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул чартердик рейси менен келишти, аталган рейс Кыргызстандын жарандарын Түркиядан алып келүүгө жана Түркиянын жарандарын Кыргызстандан алып кетүүгө уюштурулган.

Белгиленгендей, Түркия Республикасы кирүүгө чектөөлөрдү алып, эл аралык авиакаттамдарды жандандыргандыгына байланыштуу, транзиттик рейстер менен Кыргызстандын АКШ, Канада, Бразилия, Корей Республикасы, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопия мамлекеттериндеги жарандарын алып келүү мүмкүн болгон.

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги жарандарын алып келүү боюнча иштер уланууда.

 

Тэги: Турция возвращение чартерный рейс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу