Шаар бийлиги Бишкекти көрктөндүрүүгө камынууда. Бул тууралуу алар кабыл алган 2026-жылга чейин шаарды өнүктүрүү программасында баяндалат.
Анын алкагында жергиликтүү бюджеттен 37,6 млн. сом бөлүү пландалып, ал үч жылда (2024-2026-жылдар) бөлүштүрүлөт. Бул акчага “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы шаарга ийне жалбырактуу жана жалбырактуу дарактарды, бадалдарды, тосмолорду отургузат.
Мунун баары Бишкек шаарындагы жашыл флораны жана экологиялык абалды жакшыртуу үчүн жасалууда.