Бишкекке Татарстан менен Башкортостандын бизнес делегациясы келди

03.08.2022, 09:30 Акчабар
Бишкекке Татарстан менен Башкортостандын бизнес делегациясы келди

Бишкекке Татарстан менен Башкортостандан бизнес делегация келди, анын курамына 30га жакын орусиялык компаниянын 50гө жакын өкүлү кирди. Делегацияга эки республиканын соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери башчылык кылышты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамына курулуш материалдарын жана өнөр жай жабдууларын, эмеректерди, трикотаж буюмдарын, жумушчу кийимдерди, азык-түлүк чийки затын, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөр, ошондой эле эл аралык жүк ташуу, онлайн билим берүү компаниялары кирди.

“Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын бизнес миссиясынын алкагында россиялык жана ата мекендик ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өткөрөт, анда катышуучулар кызматташуунун шарттарын жана жолдорун түз талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, россиялык тарап потенциалдуу өнөктөш катары көргөн Кыргызстандагы ишканаларда көчмө жыйындар уюштурулат”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Тэги: бизнес-форум Татарстан Башкоторстан ТПП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу