Бишкекке Казакстандан гумжардам келди

18.05.2021, 18:00 Акчабар
Бишкекке Казакстандан гумжардам келди

Бишкек шаарына гуманитардык жардам иретинде Казакстандан 4 миң 500 тонна буудай келди. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул 75 вагондо темир жол аркылуу жеткирилген гуманитардык жүктөрдүн биринчи партиясы. Берилген гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 10 миң тонна унду түзөт.

Белгиленгендей, Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардамды буга чейин да көрсөткөн. Тактап айтканда, өткөн жылдын май айында Кыргызстанга 5 миң тонна көлөмүндө 3 миллион доллардан ашык суммадагы гуманитардык жардам жеткирилген. 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга 400 жасалма дем алдыруучу жана эки миллион медициналык маска менен жалпы суммасы 900 миң долларлык гуманитардык жардам келген.

Тэги: Казахстан гумпомощь Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу