Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө

09.12.2022, 15:09 Акчабар
Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө

Биздин евразиялык интеграцияга болгон бирдиктүү бекем берилгендигибиз Биримдиктин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн, евразиялык жана башка аймактык жана дүйнөлүк рыноктор ортосунда көпүрөлөрдү куруу үчүн бекем негиз болуп саналат. Мындай пикирин бүгүн, 9-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин тар чөйрөдөгү отурумунда билдирди. 

Жыйындын башында Садыр Жапаров өлкө лидерлери менен учурашып, соңку 3 жыл ичинде катышуучулар биринчи жолу бетме-бет жолугушуп жатканын жана бул жолугушуу жемиштүү болорун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кайрылып, бүгүнкү жыйын дүйнөлүк финансылык-экономикалык туруксуздуктун жана пандемиядан кийинки кризистин шартында өтүп жатканын, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин экономикасына оор жүк түшүп жатканын баса белгиледи. 

Ал мындай оор шарттарда мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн мамлекет башчылары колдон келгендин баарын жасашы өтө маанилүү экенин айтты.

Кошумчалай кетсек, 9-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баштаган өкүлдөр катышууда. Ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул жыйынга байкоочу мамлекеттин өкүлү катары катышууда. 

 

Тэги: новости Кыргызстана ВЕЭС главы государств ЕАЭС Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу