Бишкекте 1-сорттогу ундан жасалган нан Арменияга караганда 37% кымбат

24.05.2023, 14:34 Акчабар
Бишкекте 1-сорттогу ундан жасалган нан Арменияга караганда 37% кымбат

Быйылкы жылдын апрель айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башка борборлоруна салыштырмалуу эң зарыл товарлардын максималдуу орточо баасы Москвада катталган. Ошол эле учурда тоок жумурткасынын максималдуу орточо чекене баасы Бишкек жана Астана шаарларында белгиленген.

Тескерисинче, минималдуу чекене баа 1,1 доллар менен Минскиде.

"Ушул мезгил ичинде кой этинин эң төмөнкү баасы - килограммы 6,18 доллар жана каймак май - 5,03 доллар - Бишкек шаарында катталган. Минск шаарында уй этинин минималдуу баасы килограммы 4,73 долларды, пастерленген сүттүн литри 0,64 долларды түзөт", - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.

Бишкек шаарында картошкага орточо чекене баанын деңгээли Астанада байкалган баадан 20,9%га, биринчи сорттогу ундан жасалган нанга - 37%га, Минсктеги уй этине - 26,9%га жогору болгон.

"2023-жылдын апрель айында Бишкек шаарында жумуртканын орточо баасы Минскиден 15,4%, пастерленген сүт Астанадан 7,8% жана Минскиден 28,9% жогору болгон", — деп кошумчалады статистикалык кызмат.

ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн борборлорунун орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн салыштырма талдоо көрсөткөндөй, ушул жылдын апрель айында Бишкек шаары ЕАЭБдин башка борборлорундагы деңгээлден артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык акы төмөн дегенди билдирет.

Алсак, кыргызстандын борборундагылар орточо эмгек акыга 700 килограммдан ашык ун сатып алса, Москвада бул 2,8 эсеге (1987,7 килограмм) жогору. Астанада бир айлыкка 3 тонна, ал эми Бишкекте бир тоннага жакын картошка сатып алса болот.

Тэги: новости Кыргызстана продовольствие цены ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу