Бишкектеги профессор Айдаркан Молдокулов атындагы № 5 улуттук компьютердик гимназия үчүн кошумча окуу корпусунун курулушу планга ылайык жүргүзүлүп, 82% га бүткөрүлгөнүн Мамлекеттик архитектура комитети билдирди.
Учурда подрядчиктер ички жасалгалоо, суу менен камсыздоо, канализация жана тышкы тармактар боюнча жумуштарды аяктап жатышат.
Мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына 2020-жылдын январь айында башталган. Имараттын болжолдуу баасы 1 миллион 28 миң долларды түзсө, анын 648 миң долларын фонд каржылаган.
Кошумча имараттын курулушун жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалып жатат.