Коомдук тамактануу субъектилери үчүн бирдиктүү салык чени төмөндөйт

24.11.2022, 12:02 Акчабар
Коомдук тамактануу субъектилери үчүн бирдиктүү салык чени төмөндөйт

Коомдук тамактануу кызматын көрсөткөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары төмөндөйт. Коомдук талкуунун жана мамлекеттик органдар менен макулдашуунун жыйынтыгы менен 18-ноябрда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 

Ошону менен бирге, кирешелердин көлөмүн чектөөсүз коомдук тамактануу кызматтары үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын төмөндөтүү каралган.

Бишкек жана Ош шаарларында коомдук тамактануу үчүн салык ставкасы 8%дан төмөндөйт:
6% - накталай түрдө;
4% - накталай эмес формада.

Аймактарда накталай формадагы салыктын ставкасы 5%, накталай эмес формада 3% болот.
 

Тэги: новости Кыргызстана налоговая служба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу