Бишкектеги Биринчи Май районунун жергиликтүү жамааттарынын дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен үй чарбаларын көрктөндүрүү боюнча сынактык табыштамаларды тандоо өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 2 миллион 270 миң сомду түзгөн үч арыз канааттандырылган.
Бул каражатка Калыс-Ордо жаңы конушундагы коомдук бакча, Калыс-Ордо жаңы конушундагы футбол аянтчасынын кийим алмаштыруучу жайлары жана душтары курулуп, Токтоналиев көчөсүндөгү үйдүн чатыры оңдолот.
Сайттын маалыматына караганда, райондун жашоочуларынын жергиликтүү жамааттарынан жалпысынан 13 долбоордук арыз каралды.