Бүгүн, 26-ноябрда ЖАК «ЭкоИсламикБанктын» филиалын тоноп кетишкен. Бул тууралуу ИИМ билдирет.
Маалыматка ылайык, Юнусалиев-Сухэ Батор көчөсүнүн кесилишиндеги сактык кассасына саат 8:00 чамасында куралчан адамдар кирип, күзөтчүнү сабашып, кассадагы акчаларды алып кетишкен.
Эске сала кетсек, буга чейин 2015-жылы аталган банктын Аламүдүн-1 кичи районундагы филиалы дагы талап-тоноого кабылган..