Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат

28.08.2023, 17:30 Акчабар
Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Палестина мамлекетинин тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Сүйлөшүүлөрдө саясий диалогду жана түрдүү тармактардагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Эки тарап тең кыргыз-палестин өкмөттөр аралык комиссиясын жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча ишкер кеңешти түзүүгө кызыктар экенин билдиришти. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо, маданият жана айыл чарба тармактарында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

Ошондой эле, Палестинанын Бишкекте элчилигинин ачылышы мамилелерди өнүктүрүүдө олуттуу кадам болоору белгиленди. Ошол эле учурда, Кыргызстан Палестинадагы элчилигин бир убакта аккредитациялоону пландаштырууда.

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана МИД Палестина посольство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу