Дем алыш күндөрү Бишкекте такси кызматтары токтойт

25.06.2020, 17:20 Акчабар
Дем алыш күндөрү Бишкекте такси кызматтары токтойт

2020-жылдын 27-июнунан тарта Бишкекте жума сайын ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттор, ошону менен бирге эле такси кызматы дагы ишин токтотот. Бул тууралуу бүгүн, өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

 

Бул борбордо коронавирус менен ооруп жаткандардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Балбак Түлөбаевдин айтымында, коомдук транспортторду токтотуу менен эпидемияны ооздуктоого болот.

«Муну менен катар мамлекеттик органдын, муниципалдык мекемелердин жана жеке ишканалардын жетекчилерине, коомдук транспорттордун токтолушуна карабастан, кол астында иштегендерди автоунаа менен толук санитардык режимдерди сактоо менен камсыз кылыңыздар деп кайрылып кетет элем», — деп белгиледи ал.

 

Тэги: коронавирус такси общественный транспорт Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу