Бишкекте 36 млн сомго бала-бакча курулат

12.11.2019, 10:35 Акчабар
Бишкекте 36 млн сомго бала-бакча курулат

Борбордо дагы бир бала-бакча курулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. 

Мэрия Тыныстанов 193 көчөсүндөгү өрттөнүп кеткен Биринчи май салык инспекциясынын ордуна курулуш иштерин баштайт. Мектепке чейинки мекемени «Эм Эс Билдинг» компаниясы 35 млн 602 миң сомго ишке ашырат.  Каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн. 

Бала-бакча 2020-жылдын сентябрь айында бүткөрүлөөрү айтылды.  Жалппы аянты 1 миң 216 квадрат метрди камтыган бала-бакча 100 орундуу болуп, бардык шарты менен салынат. 

Мэриядан билдиришкендей, бала-бакчанын долбооруна  мэр Азиз Суракматов ушул жылдын жай айларында кол койгон. 

Тэги: мэрия Бишкека детский сад столица

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу