Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасы курулат

02.09.2022, 11:01 Акчабар
Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасы курулат

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди. 

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө маанилүү аспект болот деп белгиледи. 

Ал Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка  балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.у.с. болот.

Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б. жайгаштыруу пландалууда.

Тэги: Садыр Жапаров детская больница Саудовская Аравия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу