Бишкекте акысыз автобустар каттамын улантууда

03.06.2021, 14:50 Акчабар
Бишкекте акысыз автобустар каттамын улантууда

100-маршрут боюнча ишке чыккан  автобустарды ички иштер министрлиги, "Дордой" ассоциациясы жана “Алга” футбол клубу биргеликте уюштурду. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык  мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле " Манас" аэропорту да 214-маршруттук каттам боюнча жүргүнчүлөрдү жеткирүүнү колго алды.  "Мадина" базары уюштурган эки автобус убактылуу 211-маршруттук каттамдын ордуна каттайт. 

Ошондой эле каттамда 110 автобус жана шаардык муниципалитеттин 141 троллейбус болот.            

"Шаардыктарга азыр белгиленген багыттарына жетүү бир топ кыйын болуп жатат. Райондук администрациялардын жардамы менен биз акысыз жеткирүүнү уюштура алдык. Троллейбустар жана автобустар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Шаардыктарды жеткирүүгө муниципалитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлери да тартылды. Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  жана мэриянын алдындагы маданият башкармалыгы да кошулган. Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери "Тунгуч" "Ак Ордо" массивдери аркылуу линияга  кошулушкан", - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: Бишкек автобусы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу