Бишкекте кыргыз-венгер агроөнөр жай бизнес форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду уюштурган форумга ишкерлер, кыргызстандык жана венгриялык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен каржы институттарынын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын программасы балчылык, мал чарбачылыгы, үрөнчүлүк жана айыл чарба техникалары сыяктуу төрт секцияга бөлүнгөн.
“Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү ишмердүүлүгү эки өлкөнүн агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыгын бекемдеп, пландаштырылган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт”,-деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Ал Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, өзгөчө бул нерсе экономиканын агроөнөр жай тармагында жигердүү жүрүп жатканын баса белгиледи.