Бишкекте кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтөт

24.04.2024, 13:18 Акчабар
Бишкекте кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтөт

Бишкекте кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтөт. Иш-чара Эл аралык ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулуп, модератору ЭИКтин аткаруучу директору, кеңештин теңтөрагасы Аскар Сыдыков болот. Бул тууралуу ЭИК басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун негизги максаты - Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер байланыштарды түзүү. Катышуучулар өндүрүш, тоо-кен, энергетика жана туризм сыяктуу маанилүү тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Жолугушууга Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер, КРнын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов, ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медер Машиев жана башка өкүлдөр катышат. 

Эске салсак, кыргыз-британ ишкерлер кеңеши эки өлкөнүн соода жана инвестициялык байланыштарын чыңдоо максатында 2023-жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Кеңештин биринчи жыйыны Лондондо ЕРӨБдүн (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) штаб-квартирасында өткөн. 

Тэги: новости экономика Кыргызстана МДС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу