Бишкекте Нидерланддык ишкерлер менен бизнес-форум өттү

21.09.2022, 09:23 Акчабар
Бишкекте Нидерланддык ишкерлер менен бизнес-форум өттү

Бишкекте Нидерландиянын бизнес чөйрөсү менен бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чарага сүттү кайра иштетүүчү жабдуулар, муздаткыч кампалар, мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле асыл тукум малдарды жеткирүү боюнча адистешкен голландиялык айыл чарба компанияларынын соода миссиясы катышты. Жалпысынан делегациянын курамына тогуз компания кирсе, кыргыз тараптан 100гө жакын ишкер катышты.

“Форумга Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Эльмира Батаева, Нидерланд Королдугунун Элчилигинин миссия башчысынын орун басары Наут ван Вуденберг, Айыл чарба министрлигинин орун басары Мурат Байдылдаев катышты”, - деп тактады Соода-өнөр жай палатасы.

Ата мекендик бизнес үчүн программанын биринчи блогунда муздак чынжыр боюнча семинар өтүп, анда жашылча-жемиштерди сактоо боюнча голландиялык тажрыйба тууралуу сөз болду. Баяндамачылар ошондой эле бул технология ийгиликтүү колдонулуп жаткан Өзбекстандын бизнесинин өкүлдөрү болушту. Соңунда катышуучулар эксперттерге өздөрүнүн суроолорун бере алышты.

“Кийинки бөлүктө голландиялык компаниялардын презентациялары болуп, андан соң салттуу байланыш алмашуу уюштурулуп, анда кызыккан кыргызстандык ишкерлер Нидерланддын компаниялары менен жеке форматта түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышты”, - деп белгилешти палатадан.

Тэги: бизнес-форум Нидерланды новости Кыргызстана ТПП КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу