Бишкекте кыргыз-индия бизнес жолугушуусу өтөт

23.01.2023, 10:43 Акчабар
Бишкекте кыргыз-индия бизнес жолугушуусу өтөт

Быйылкы жылдын 6-февралында кыргыз-индия B2B бизнес жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалог куруу үчүн аянтча болуп, ошондой эле Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди орнотууга көмөктөшөрү белгиленген.

"Иш багыттары кызматташуунун билим берүү, саламаттык сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инженердик), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык жүк ташуу, маркетинг жана консалтинг, анимация жана мультимедиа сыяктуу тармактарын камтыйт", — деп белгилейт агенттик.

Тэги: новости Кыргызстана Индия бизнес-встреча

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу