Бишкекте экспортерлорду колдоо иш-чарасы өтөт

19.02.2024, 17:16 Акчабар
Бишкекте экспортерлорду колдоо иш-чарасы өтөт

Бишкекте USAIDдин Борбордук Азиядагы соода программасынын алкагында уюштурулган биринчи Экспортту илгерилетүү боюнча консультация күнү өтөт. Бул иш-чара эл аралык рынокко чыгууну көздөгөн аймактагы чакан жана орто ишканаларды колдоо максатын көздөйт. Бул тууралуу Евразия бизнес клубунун басма сөз кызматы билдирди.

4-мартта саат 10:00дөн 15:00гө чейин "Jannat Regency" отелинде боло турган иш-чарада катышуучуларга экспорт тармагындагы алдыңкы эксперттерден кыска мөөнөттүү акысыз консультациялар берилет. Ал профессионалдык консалтингдин натыйжалуулугун көрсөтүү үчүн жыл сайын өтүүчү аянтча болуп, тажрыйба алмашууга жана бизнес байланыштарды кеңейтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Максаттуу аудиторияга экспорттук потенциалы бар бизнестин ээлери жана менеджерлери, ошондой эле экспорттук консалтинг чөйрөсүндөгү адистер кирет. Негизги максат – экспорттук рынокторго ийгиликтүү чыгуу үчүн профессионалдык кеңештердин баалуулугун көрсөтүү жана консалтингдик кызматтарды биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүгүн талкуулоо.

Катышуучулар экспорттук операциялар боюнча билимдерин тереңдетип, мүмкүн болуучу тобокелдиктерге даярдана алышат, актуалдуу суроолорго жооп ала алышат жана экспорт чөйрөсүндөгү жаңы технологиялар жана инновациялар менен тааныша алышат. Бул иш-чара Борбор Азиядагы экспорттук ишканалардын санын көбөйтүү жана бул жаатта консультациялык кызматтардын аброюн көтөрүү үчүн маанилүү этап болот.

Тэги: новости экономика Кыргызстана торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу