Бишкекте эки эл аралык медициналык көргөзмө башталды

04.04.2023, 14:30 Акчабар
Бишкекте эки эл аралык медициналык көргөзмө башталды

Бүгүн Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” XVII Эл аралык конгресс-көргөзмө форумунун ачылышы болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.

Форум эки эл аралык адистештирилген көргөзмөнү бир платформагаа бириктирет: XVII  Эл аралык медицинанын адистештирилген көргөзмөсү “MedExpo Kyrgyzstan 2023” жана “DentalExpo Кыргызстан 2023” VII Эл аралык стоматология адистештирилген көргөзмөсү. 

Бул жылы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 70тен ашык компания катышууда. Ага Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Польша, Орусия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Кореядан катышуучулар келишти. 

“Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” Эл аралык конгресс-көргөзмө форумунун бизнес программасында семинарлар, мастер-класстар, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын презентациялары көрсөтүлөт. 

 

Тэги: экономика медицина новости Кыргызстана международная выставка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу