Борбор калаада быйыл 15 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы №98 мектептин ачылыш аземинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бул максаттарга 3 миллиард сом, анын ичинен республикалык бюджеттен 2,5 миллиард сом, шаардык бюджеттен 450 миллион сом бөлүнгөн.
“Кыргыз Республикасынын президентинин, Министрлер кабинетинин атынан сиздерди окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. Бүгүн биз Алтын-Ордо конушундагы алгачкы мектептердин бирин ачып жатабыз жана бул балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Мектепке Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды”, - деди ал.