Бишкекте көмүскө зергерчилик цехтери аныкталды

30.03.2023, 11:10 Акчабар
Бишкекте көмүскө зергерчилик цехтери аныкталды

Бишкекте жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым ишкерлер Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.

"2023-жылдын 28-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылды. Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: новости Кыргызстана ювелирные изделия подпольный цех

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу