Бишкекте Октябрь районунун прокурорунун орун басары пара талап кылып кармалды

18.11.2021, 10:17 Акчабар
Бишкекте Октябрь районунун прокурорунун орун басары пара талап кылып кармалды

Ушул жылдын 17-ноябрында УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалды.

Ал кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуу жолу менен укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар акча каражатын талап кылганы маалым болду.

"Кармоо учурундагы жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынды. Кармалган адам Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдири УКМКнын басма сөз кызматы.

Учурда прокурордун орун басарынын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: ГКНБ зампрокурора Бишкек вымогательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу