Бишкекте шылуундардын эл аралык кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Кылмыштуу топтун кеңсесин тинтүү учурунда ноутбуктар, уюлдук аппараттар, уюлдук операторлордун сим-карталары, эстутум карталары (катуу дисктер, флешкалар), банк карталары, накталай акчалар, гашиш баңги заты алынган.
Мурдараак маалымдалгандай, 16-17-февраль күндөрү алдамчылардын тобу өлкөнүн улгайган тургундарын телефон аркылуу өздөрүн туугандарыбыз деп алдап, кырсыкка кабылганын айтып, ондон ашык фактыларды жасаганга үлгүрүшкөн жана курьерлер аркылуу акча которууну суранышкан. Ошентип, алданган тургундардан жарым млн сомдон ашык акча каражатын алууга жетишкен. Бул алдамчылык фактылары коомчулукта нааразылык жаратты.
Учурда кылмыштуу топтун бардык жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.