«Бишкекжарык» ишканасында дээрлик 140 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

27.10.2022, 13:09 Акчабар
«Бишкекжарык» ишканасында дээрлик 140 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасын текшерүүдө 139 млн 589,7 миң сомго мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ошол эле учурда каза болгон адамдардын айлык акысын сактоо менен 95,6 миллион сом негизсиз алынган.

• Мамлекеттик сатып алуулар тармагында 6 млн 432,9 миң сомдук мыйзам бузуулар, анын ичинен 1,1 млн сому жасалма түзүлгөн келишимдерден келтирилген зыяндар;

• Адистештирилген жабдууларды ижарага берүү үчүн 27,9 млн сомду негизсиз эсептен чыгаруу; • 5,6 млн сом өлчөмүндө ишканага жеткирүүчүлөрдөн жашырылган дебитордук карыздар;

• Кассалык операцияларды жүргүзүү бөлүмү, эсептик каражаттардын жана негизги каражаттардын жетишсиздиги боюнча 3,9 млн мыйзам бузуу болгон.

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн ички аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилди.

Тэги: новости Кыргызстана Бишкексвет аудит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу